Базар-Коргондо бүтүрүүчүлөр дарыгерлерге 3 кычкылтек концентраторун алып беришти

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда мектепти 20 жыл мурда бүтүргөн бүтүрүүчүлөр 3 кычкылтек концентраторун алып беришти. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Ага ылайык, бүгүн, 19-июль күнү райондогу Кеңеш айыл аймагында жайгашкан №12 Капарбек атындагы орто мектепти 2000-жылы бүтүргөн бүтүрүүчүлөр аймактык ооруканага келип, 3 кычкылтек концентраторун, 2 пульсоксиметр, антисептикалык каражаттарды, өздүк коргонуучу кийимдерди тапшырышкан.

Аймактык оорукананын дарыгерлери аларга ыраазычылык билдиришсе, бүтүрүүчүлөр мындай жардам берүү акциясын дагы да улантышарын билдиришкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nuri1988Elim2010
2020-07-19 14:30:16
Биздин бийлик карапайым элдин колун карап калган,уялышпайт.
Вирус ушул чоң курсактар айынан келди биздин өлкөгө. Эми мунун артынанда деп өлүп жатышат вирусту кошо жеп койсоңор го
+4
Saliman
2020-07-19 15:23:08
Биздин мамлекет онолгудай эмес.карапайым калк бири-бирине жардам кылып жатат.а тиги атка минер мансаптуулар талап-тоноп жеп ичкенден башкага жарабай жататго.суйлосом тилим суйлобосом дилим куйот.качан эли-жерин ,мамлекеттин ойлогон бийлик келет болду экен
+2
rola
2020-07-19 15:40:27
Азаматтар.Жаны гана окууну бутуруп атсанар да жакшы ишке кол сундунар.
0
nazira1989
2020-07-19 16:05:13
Эл озун озу камсыз кылып,багып жатат,Аллах Таала элибизге ден-соолук берсин
+2
akmanai
2020-07-19 22:08:20
Келээрки шайлоодо козду чон ачалы. Негизи азыр баарына каршы добуш бере турган эле болуп турат
0
daniel87
2020-07-20 10:11:03
Рахмат жердештерим бири бирибизди кыйын кундо коргойлу, колдойлу! Наалый напчый бербегиле озубуз шайлаган президент, озубуз шайлаган эл окул депутаттар.алпр деле колунан келишинче иштеп жатышат. Бизге озу демакратия жакпайт!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан