Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда аялын ок атуучу курал менен коркутуп сабаган жаранга кылмыш иши козголду.
8-апрель күнү Ат-Башы РИИБине жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, 1980-жылы туулган А.А. аттуу бир тууган сиңдиси денесинен жараат алып ооруканага түшкөндүгүн билдирип, аны сабаган адамга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүсүн суранган.
"Аталган факты боюнча текшерүү жүрүп, анда жубайлар 2020-жылдын январь айынан бери чогуу жашабай калышкандыгы аныкталган. Ал эми аял бир тууган эжесинин үйүндө жашап жаткан, ошондой эле жолдошу менен ажырашуу тууралуу Ат-Башы райондук сотуна арыз менен кайрылган. Ошондон баштап жолдошу ага тынчтык бербей, чыр салып, зомбулук көрсөтүп жүргөн. 8-апрель күнү саат 11:00 чамасында кайын эжесинин үйүнүн короосунан жолдошу сайсыз ок атуучу куралы менен аялын коркутуп, сабаган. Натыйжада А.А. Нарын облусунун бириктирилген ооруканасынын сынык жаракат бөлүмүнө жаткырылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Учурда жабырлануучу аялга соттук медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деди басма сөз кызматынан.
Кечээ, 10-апрелде жабырлануучу келиндин жолдошу кармалып, камакка алынган.