Ош облусунун коменданты маалымат жыйын берди (хронология)

Бүгүн, 11-апрелде Ош облусунун коменданты Малик Нурдинов маалымат жыйын берди.

2020-04-11 12:33:00

Малик Нурдинов сатуучулардан азык-түлүктөрдүн баасын жогорулатпай, кармап турууну өтүндү.

2020-04-11 12:25:00

Нурдинов жасалма 10 пропуск боюнча кылмыш иши козголгонун айтты. "Кээ бирлери бир күн жардам берип, андан кийин пропускту жеке максаттарына пайдаланып жатышат. Башка максатта пропуск берилбейт", - деди Ош облусунун коменданты.

2020-04-11 12:20:00

"Облус боюнча санитардык-карантиндик посттордун саны – 63. Ал эми куралдуу күчтөр менен карантиндик посттордун саны – 21. Обсервациялардын саны – 50", - дейт ал.

2020-04-11 12:16:00

Малик Нурдинов билдиргендей, Ош облусу боюнча коменданттык саатта тартип бузган 10 жаран кармалып, протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынды. "25-марттан 11-апрелге чейин карантиндин талаптарын бузган жарандардын жалпы саны – 331. Ал эми 44 автоунаа айып төлөнүүчү жайга токтотулду", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mylatka..
2020-04-11 12:32:22
Эл кыйнала баштаганы билине баштады копчулук кунумдук нанын таап жегендер ,азыр эч нерсе жок олтуруп калышты .Эгер дагы улана турган болсо ,уруулук да куч алатго,ара чолодо уруулук болуптур ,деп угула баштады .
0
gulam
2020-04-11 12:51:09
Карантинди алып салгыла, эми иштеп бала-чаканы багалы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан