ЖАМК: "СИЗО-1дин кызматкеринен коронавирус аныкталды деген маалымат чындыкка дал келбейт"

Буга чейин жергиликтүү басылмалардын бири укук коргоочулардын маалыматына таянып, Бишкектеги СИЗО-1дин кызматкеринен коронавирус аныкталгандыгы жөнүндө жазган. Бүгүн, 7-майда SUPER.KG порталы маалыматты тактоо үчүн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылды.

Мекеменин басма сөз кызматы СИЗО-1дин кызматкеринен коронавирус аныкталды деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

"Өкмөттүн алдында түзүлгөн Ыкчам штабдын ушул жылдын 8-апрелдеги "Кыргыз Республикасынын аймагында мындан ары коронавирусту жайылтпоо" тапшырмасынын негизинде ЖАМКтын медициналык кызматы Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте COVID-19 инфекциясын өз учурунда текшерүү максатында СИЗО-1де экспресс-тестирлөө жүргүзгөн. Анда кызматкерлердин биринен вируска шек жаралган болчу. Бирок эртеси, 5-майда кайрадан анализ тапшырылып, ПЦР-анализи таза чыккан.

Ал кызматкер байланышта болгон тараптарга жана СИЗО-1дин башка кызматкерлерине карата бардык тиешелүү чаралар көрүлдү. Ошондой эле анын үй-бүлө мүчөлөрүнөн да анализдер алынып, ал таза чыкты.

Ал кызматкердин анализдери таза чыкканына карабай, азыркы учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө, өзүн изоляцияга алган", - деп жазылат маалыматта.

Анда кошумчалангандай, бүгүн Бишкектеги №47 түзөтүү мекемесиндеги кызматкерлерден экспресс-тест алуу мерчемделген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан