Коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 1 миң 369га жетти. Саламаттыкты сактоо боюнча бүткүл дүйнөлүк уюму илдеттен жабыркагандар тууралуу маалымат таратты.
Жазылган маалыматка ылайык, вирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 46 миң 997 адамды, анын ичинен Кытайда 46 миң 550 кишини түзөт. Ооруканадан 3 миң 441 адам дарыланып чыккан.