1-февралга карата Кыргыз өлкөсүнө Кытайдан 196 адам келген. Бирок алардын коронавируска кабылганы аныкталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"28-январдан 1-февралга чейин Кытайдан Кыргыз өлкөсүнө 196 киши келген. Анын 182си Кыргыз жарандары, 13ү Кытай жарандары жана бирөө башка өлкөнүн жараны. Алардын баары дене табын өлчөөчү тепловизор аркылуу тиешелүү медициналык процедуралардан өтүп, биринде да оорунун белгилери аныкталган эмес.
Учурда Сокулук аймактык ооруканасында 3, Беш-Күнгөй ооруканасында 4 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Калган 189у штабдын чечими менен жашаган аймагында медициналык көзөмөлдө болуп туруусу кажет деген шарт менен чыгарылды", - деп жазылат маалыматта.