Түштүк Кореяда коронавирустан айыккан 91 бейтап кайра ооруп калды

Түштүк Кореяда коронавирустан айыккан 91 бейтап кайра ооруп калышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, коронавирустан айыкты делинип, карантинге коё берилген 91 бейтап дем алуусу начарлагандыктан, кайра ооруканага кайрылышкан. Текшерүү жүргүзгөндө аларда коронавирус инфекциясынын жеңил түрү бар экендиги аныкталган. Буга чейин бир катар вирусологдор жана эпидемиологдор коронавирустун дененин кээ бир клеткаларында жашыруун бойдон калышы мүмкүн деп божомолдошкон, андан кийин ал кайрадан жанданып, дем алуу системине кол салаарын айтышкан.

Түштүк Кореяда 10 миң 480 адам коронавирус жуктуруп алган. 211 адам каза болсо, 7 миң 243 адам бул инфекциядан айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jeltelmen.99
2020-04-11 17:21:24
Оппааа корона вирус тынч жаткырбайт ж5 тынч жаткырат
-7
bond0202
2020-04-11 18:03:50
Jeltelmen.99,не деп койдун?
+1
nuri9999
2020-04-11 18:19:52
bond0202,не дегенин озуда тушунбой калды окшойт)))
+4
Jeltelmen.99
2020-04-11 18:51:38
bond0202,эки мааниде корона вирус жукса тынч жакпаганын ошол өлөсүн жукпаса тыынч карантин үйүңдө жатасың эми түшүнгөндүрсүң.
-1
Kylym.85
2020-04-13 14:56:51
Jeltelmen.99,чыпалак баатырга окшоа жазат экенсин,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан