Бүгүн, 11-апрелде саат 16:10до Өкмөт үйүнө финансы министри Бактыгүл Жээнбаева келди. Ал өлкөдөгү финансылык абал тууралуу айтууда.
Өкмөт калктын алдындагы негизги милдеттерин аткарууда. Финансы министрлиги мамлекеттик финансыларды мүмкүн болушунча натыйжалуу пайдаланууга аракет көрүүдө. Абалга байланыштуу мен бардык мекемелердин кызматкерлерин, бюджеттик уюмдарды сарамжал болууга чакырат элем.
Кыргыз өкмөтү жалаң гана кредиттерди тартып келбестен, гранттарды да алып келүү аракетин көрүүдө. Булар бюджетти колдоого, коронавирус менен күрөшүүгө жана бизнести колдоого жумшалат. Бул аракеттер өлкөнүн бардык тармактарына таасир берет.
Бизде финансылык кыйынчылыктар жаралат. Бул азыркы дүйнөлүк пандемияга байланыштуу. Мындан улам биз бир топ эл аралык фонддорго грант сурап кайрылууга аргасызбыз.
Жылдын жыйынтыгы боюнча, бюджеттин төмөндөөсү 30 миллиард сомдон ашып кетиши мүмкүн. Мындан тышкары коронавирус менен күрөшүүгө кеткен чыгымдар да мамлекеттик бюджеттин чыгымын көбөйтөт. Биз мындай абалды жөнгө салуунун жолдорун карап жатабыз.
Пандемиянын кесепети коомдук турмуштун бардык тармактарына терс таасир берип жатат. Дүйнө жүзүндө, анын ичинде биздин өлкөдө бир топ күндөн бери дээрлик бардык бизнестер өз иштерин токтотуп турушат. Буга байланыштуу республикалык бюджеттин көрсөткүчү төмөндөйт.