"Учурда Алматы шаарында анализ кабыл ала турган бир гана лаборатория түйүнү иштеп жатат. Мындан улам жарандар эртең менен саат 07:00дө эле топтолуп, кезекке турушууда. Анда күнүнө 150 гана тест колдонуу мүмкүнчүлүгү болгондуктан, ушунча санда гана адам кабыл алынууда.
Казакстанда тесттер өткөн аптадан бери тартыш болууда. Буга байланыштуу анализ кабыл ала турган лабораториялардын көбү жабылып калган. Ал эми Казакстандын саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси дарыгердин жолдомо кагазы жок коронавируска анализ тапшыруунун зарылдыгы жок экенин билдирген", - деп жазылат маалыматта.
Акыркы маалыматтар боюнча, Казакстанда коронавирустан 136 киши каза болду.