Телеалпаруучу, ырчы Айзада Жамгырчиева жакында турмуш жолуна аттанарын социалдык баракчасына билдирген. "Кыздын себи 50 пайыз даяр. Буюрса, калганын "Дордой" базарынан алабыз ачылса! Карантин бүтсө эле той", - деп жазган Айзада.
Учурда Таласта ата-энесинин үйүндө жүргөн Айзада билдирүүсү тууралуу SUPER.KG порталына жөн гана тамашалашып жазып койгонун айтты.