Вице-премьер-министр: "Учурда кайсы бизнестин ишин жандантууга уруксат бере алабыз деген маселенин үстүндө иштеп жатабыз" (хронология)

Бүгүн, 12-апрелде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавируска байланыштуу өлкөдөгү экономикалык абал тууралуу маалымат жыйын берди.

2020-04-12 15:37:00

Өлкөдөгү ишканаларга жеңилдетилген насыяларды берүүдө каражатты кайдан табабыз, кайсы булактардан алабыз? Бүгүнкү күндө ички жана тышкы булактар табылды. Алдыда дагы иштер жүргүзүлөрүн маалымдады Эркин Асрандиев.

 

2020-04-12 15:36:00

"Эгерде ишканалардын иштөөсүнө уруксат берилсе, санитардык нормаларды сактап, жаңы эрежелердин, талаптардын негизинде иштеши керек болот. Мисалы, аз адам иштеген, байланыш азыраак болгон ишканалар ишин улантса болот. Бирок азырынча убактысын айтууга эртерээк", - деди Эркин Асрандиев.

2020-04-12 15:35:00

"Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу ири жана чакан ишканаларга анализ жүргүзүлөт. Көп чыгымга учураган ири ишканаларга жардам берилет. Тагыраагы, жеңилдетилген насыя алганга жардам беребиз. Жеңилдетилген насыя кимге жана качан берилери анализдин жыйынтыгына жараша болот", - дейт вице-премьер.

2020-04-12 15:34:00

"Бизнеске колдоо жана экономиканы жандандыруу боюнча өкмөттүн экинчи планы иштелип жатат. Биздин максатыбыз илдетти мындан ары жайылтпоо жана калыбына келтирүү. 

Кайсы ишканалардын, бизнестердин иштөөсүнө биринчи уруксат берүүдө чет өлкөнүн тажрыйбасына дагы кайрылабыз. Мындан тышкары кайсы тармактын ишин жандантсак жарандарды жумуш менен камсыз кыла алат, кандай пайда келтире аларына дагы көңүл буруп жатабыз. Учурда бизде экономикалык план иштелип жатат", - деди Эркин Асрандиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sirenaaaaa
2020-04-12 18:14:09
Военно антоновка тынч болсо, заря базарынына уруксат берсенер болмок. Элдер Фрунзеге барып кыйналып жатышат. Ал жакта баасы да кымбат болуп кетиптир
0
Hernandez
2020-04-12 21:40:56
Урматтуу премьер-министр мырза Сиз ушундай кылсакбы деп ар нерселерди ойлонгончо карантин бүтмөй болду. Которулган акчаны астыңарга басып жатып, мед.кызматкерлерге кийимдерди даярдап жатабыз, кайсы бизнеске жол ачсак деп ойлонгончо медиктердин баарына вирус жугуп бүтмөй болду. Карантин бүтүп ар бир бизнес өз жолу менен кетип силердин жардамыңарга муктаждыгын сезбей кала турган болду. Дагы 15 күн ойлонуп койгула, анан кылычыңарды ташка чабасыңар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан