"Аткарылып жаткан иштин баары сиздердин ден соолук үчүн". Комендант Уланбек Аалиевдин кайрылуусу

Бүгүн, 28-апрелде Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев түз эфирде Нарын облусунда жана анын ичинде өзгөчө абал киргизилген аймактарда сутка ичиндеги кылмыш окуяларга жана комендаттык сааттын эрежелерин бузгандарга токтолду.

"28-апрелге карата 7 кылмыш иши катталды. Алардын арасында өзгөчө оор кылмыш катталган жок. Ал эми коменданттык саатты 7 жаран бузду. Ат-Башы районунда 5, Нарын шаарында 2 жаран кармалган.

Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийип, мыйзам жана эпидемиологиялык-карантиндик эрежени бузуудан алыс болууга, тартипти сактоого чакырат элем. Биздин аткарып жаткан иштердин баары сиздердин ден соолугуңар жана саламаттыгыңар үчүн. Андыктан эрежени сактап, үйдө болуп, илдетти бирге жеңели", - деди Аалиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан