Карантинде жөн жатпай... Бишкекте уурулукка шектелген "чөнтөкчүлөр" кармалды

Бишкектеги "Аламүдүн" жана "Алдаяр" базарларында сатып алуучулардын капчыгын, уюлдук телефонун уурдаганга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендатурасынын маалымат кызматынан билдиришти.

1-апрелде Свердлов РИИБине 3 жаран кайрылып, "чөнтөкчүлөргө" карата чара көрүүнү өтүнгөн. Арыздануучулар "Аламүдүн" базарында жүргөндө алардын биринин уюлдук телефонун, биринин капчыгын, кредиттик картасын, дагы биринин документтери салынган капчыгын уурдап кетишкенин маалымдашкан.

10-апрелде Свердлов РИИБине эки жаран кайрылышкан. Анда жабырлануучулар "Аламүдүн" жана "Алдаяр" базарларында жүргөндө 2 миң сомдон ашык акча жана 8 кредиттик карта салынган барсетканы, күрмөсүнүн чөнтөгүнөн уюлдук телефонун, 50 евро жана 2 миң сомун белгисиз жарандар уурдап кетишкенин билдиришкен.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Издөө иштеринин жүрүшүндө 1986-жылы туулган А.А., 1991-жылы туулган Т.Т. жана 1991-жылы туулган Ш.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кармалган жарандардын мындан башка дагы кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат", - деп билдиришет маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
katerina.li
2020-04-12 18:01:27
Уяты жоктор
+3
Store
2020-04-12 19:33:06
Мелисалардын ууруларыда булар, тоесть тили бир баарынын. Мелислардын сойку мелисасы бар алар мененда тилдери бир, короче мелийсалардын тамыры жайылып, жетпеген бир эле гөр калган, калган баары жокту булар контактары менен чырмап алышкан.
+2
algakaray
2020-04-13 05:37:19
Мелиса, мелийса эмес. Милиция.
-2
Kitep
2020-04-13 05:57:17
algakaray, Кагазга ороп айтып жатса керек да
+1
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-04-13 09:35:11
Түстөрүн кара!ХХХХХ! Ата-энелери канча азап менен чоңойтту эле...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан