Бишкекте 61 миң 500 сому бар терминалды уурдаганга шектелгендер кармалды

Бишкекте 61 миң 500 сому бар терминалды уурдаганга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу шаардын комендатурасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-апрелде Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө Т. Б. аттуу жаран кайрылып, анын Абдрахманов көчөсүнө коюлган терминалын белгисиз адамдар уурдап кеткенин арызында жазган. Арыз ээси терминалдын өзү 1 500 доллар экенин, анын ичинде 61 миң 500 сом болгонун белгилеп, уурдап кеткен адамдарды таап, чара көрүүнү өтүнгөн.

Терминалды уурдаганга шектелип 1997-жылы туулган М.К., 1990-жылы туулган К.Ш. жана 1991-жылы туулган Ж.К. кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sultan.kg
2020-04-13 09:36:17
Чет өлкөнүн кинолорун көп көрүп алышканго дейм. Миллион миллион бар деп ойлошсо керек...
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан