Бүгүн, 13-апрелде Өкмөт үйүндө ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйын берип, жашоочулардын суроолоруна жооп берди.
"Жаңы конуштарда банктарга барып акча которуу же алуу жана азык-түлүк алуу үчүн шаарга чыгуу кыйынчылык жаратууда" деген маселе боюнча Орозалиев "Өткөн аптадан тартып коммерциялык банктардын өкүлдөрү жаңы конуштарга барып, пенсияларды таратып жана акча которуу системин аткарышууда. Бул жактан эч кандай маселе болбойт", - деген жообун берди.