Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 17 миң 717 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 366 адам каза болсо, 14 миң 740 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 4906 (айыккандар 3780);
Санкт-Петербург - 758 (айыккандар 424);
Москва облусу - 514 (айыккандар 381);
Нижегород облусунда - 386 (айыккандар 418) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 581 миң 693 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 27 миң 301 адам каза болсо, 1 миллион 186 миң 41 бейтап айыгып чыкты.