Казакстан менен болгон чек ара толук жабылган жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
"Казакстан менен товар жүгүртүү боюнча эч кандай тоскоолдук жок, өлкөгө керектүү азык-түлүк продукциялары алып келинип турат. Жарандарды кирип-чыгышы боюнча айтсам, кээ бир кереги бар жарандарды коё бериш керек да. Бул боюнча Казакстан менен дагы сүйлөшүү жүргүзөбүз. Анан, албетте, киргизүүгө уруксат берилгендер тыкыр текшерүүдөн өтөт", - дейт өкмөт башчы.