Африка чөлкөмүндө коронавирус пандемиясынан улам айыл чарба иштери үзгүлтүккө учурады. Мындан улам Танзания өлкөсүндө ачарчылык болот. Бул тууралуу өлкө президенти Жон Магуфули билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Бизде болгон азык-түлүктү сактоо керек. Анткени кийинки эки жыл азык-түлүк коопсуздугу жагынан оңой болбойт. Убакыт келгенде өстүргөн азыктарды арзан баада сатышыңыздарды суранам", - деп кайрылган дыйкандарга Магуфули.
Мындан тышкары президент танзаниялыктарга мамлекет фермаларга ээ болбогондуктан, бекер тамак-аш болот деп үмүт кылбоону эскертти.
Коронавирус инфекциясы Танзанияда 509 адамдан аныкталды. Анын ичинен 21 адам каза болсо, 183 бейтап айыгып чыкты.