Шаарды сагынсаңыз керек. Бишкектин жамгырга жуунган көчөлөрүнөн фоторепортаж

Өлкө аймагына коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө абал 25-мартта киргизилген. Өзгөчө абал 15-апрель саат 08:00гө чейин күчүндө боло турганы тууралуу чечим чыгып, ага президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Бул убакыт аралыгында карантинге байланыштуу ар кандай күлкүлүү да, кайгылуу да окуялар жүз берди. Анын арасында буулугуп, үйгө батпай, көчөгө чыгып кеткен жарандар болуп жатты.
Бүгүн, 13-апрелдеги Бишкек шаарына SUPER.KG порталы көз чаптырды.

Калаадагы абалды тынч деп баа берүүгө болот. Шаарда анда-санда эл болбосо, мурункудай кең көчөлөрдөн унааларды, тротуарлардан адамдарды кездештире албайсың. Бирок жамгырга жуунган шаар көчөлөрүнөн тазалыктын илеби сезилип турат.

Айрыкча чымчыктардын ээн эркин кубулжута сайраганы кыймылдын жок экенин сездирбейт. Ал эми башка жерлерде эл аз болгону менен банк кызматында элдин жык-жыйма кезектешип турганы көзгө урунду. Шаарды сагынсаңыз, сүрөттөрдү көрүңүз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан