
Британиянын абактарында жазасын өтөп жаткан 27 адам коронавирус менен жабыркап жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Юстиция министрлигинен билдиришти деп жазышат чет элдик басылмалар.
Маалым болгондой, вируска чалдыккандар Британиянын 14 түрмөсүндө жазасын өтөп жаткандар. Ал эми абактагы кызматкерлердин ичинен 5, мөөнөтүнөн мурда бошотуу кызматындагы 8 кызматкер вирусту жуктуруп алышкан деп айтылат маалыматта.
Коронавирусту жуктуруп алган кылмышкерлердин экөө каза болгону буга чейин айтылган.