"Элдик кабар" бөлүмүнө окурман Жаш Гвардия көчөсү менен Чоң Чүй каналынын кесилишинин аймагында карантин жарыяланганына карабай, бир нече адамдан турган топ курулушта иштеп жатканын айтып, нааразычылыгын билдирген. Бул окуя боюнча Бишкек шаардык мэриясынан жооп беришти.
"Ал жакка Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 98 жылдыгына карата сейил бак курулууда. Бүгүн, 13-апрелде Түлөбердиевдин туулган күнү. "Бишкекасфальтсервис", "Бишкек жашыл чарба" жана "Бишкек жарык" муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери баатырдын наамы ыйгарылган борбордун сервердик бөлүгүндө жайгашкан жаңы сейил бакты курууну күчөтүлгөн тартипте улантышууда.
“Бишкекасфальтсервис» ишканасынын башчысы Нурбек Чолпонбаевдин айтымында, тематикалык сейил бактын курулушунун 95 пайызы аяктап, асфальт төшөлүп, эми 120 отургучту орнотуу иштери калды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.