Президент Сооронбай Жээнбековдун Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондук сүйлөшүүсүнүн жана жөнөтүлгөн өтүнүчтүн алкагында Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө гуманитардык жардамы өлкөгө жакынкы убакта жеткирилет. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Орусия тарап гуманитардык жардам иретинде Кыргыз өлкөсүнө 31 ИВЛ аппарат, 70 керебеттик монитор, 5 көчмө рентгенаппарат, 6 ультра үн жабдуусу жана жеке коргонуучу каражаттарды (500 миң хирургиялык бет кап) берет.
Бул тууралуу 2020-жылдын 17-июлунда Минскте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуунун алкагындагы премьер-министр Кубатбек Бороновдун Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушуусу учурунда белгилүү болду.