Австралия 2021-жылга чейин туристтер үчүн эшигин ачпай турганы айтылууда

Австралия 2021-жылга чейин чет элдик туристтерге чек арасын ачпай тургандыгы айтылууда. Бул жөнүндө дүйнөлүк ЖМКларда жазылды.

Анда жазылгандай, Австралия пандемия менен ийгиликтүү күрөшүп, аны ооздуктай алганына карабастан, чет элдик туристтер үчүн чек араларын ачпайт. Тактап айтканда, аталган өлкөгө 2021-жылга чейин чет элдик туристтер кире алышпайт. Мындан Австралия өкмөтү өлкөгө жашоо үчүн келген чет элдик студенттерди гана киргизерин, алар келген соң эки апталык карантинде болорун билдиришкен.

Ал эми австралиялык саякатчылар үчүн өз өлкөсүндө кайсы жерде болуу, эмнелерди көрүү мүмкүн экендигин айтып берген атайын долбоор иштелип чыгып, ишке киргизилген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан