Жарганаттар менен адамдардын жүрүм-туруму эпидемия учурунда кандай айырмаланат?

Британиялык басылмалардын бири адамдар менен жарганаттардын жүрүм-туруму эпидемия учурунда эмнеси менен айырмаланат деген суроого жооп издешти.

Жарганаттар - көп жашоочу жандыктар. Алар орто эсеп менен 40 жыл жашашат. Жарганаттардын вамир түрү социалдык жашоо образын жүргүзүшөт. Бир топто бир нече миң жарганаттар жашашы мүмкүн. Алар тамак-аш менен бөлүшүп, катарларын тазалап турушат. Алар бири-бири менен гана эмес вирустар менен дагы тыгыз байланышта жашашат. Мындан улам топтордун ичинде маал-маалы менен эпидемиялар болот.

Техас университетинин окумуштуулары жарганаттардын эпидемия учурундагы жүрүм-турумун иликтешкен. Анда атайын бир топтун бир нече жарганатына иммундук системди алсырата турчу вирус жугузушкан. Вирус жуккан жарганаттар алсыз болуп жашап кетүүгө күчтөрү жок калган.

Иммунитети түшүп кеткен жарганаттар дени сак жарганаттардан тамак сурап жей башташкан. Алар өздөрүн башкалардан оолак кармап, аларга көңүл бурууну талап кылышкан эмес. Бирок окумуштуулардын билдиргенине таянсак, өздөрүнүн тобунан четтеп калган жарганаттар туугандык мамилесин үзүшкөн эмес.

Эпидемия учурунда жарганаттар өздөрүнүн вирус жуктуруп алган жана дени сак балдарына тамак берүүнү уланткан. Алардын мындай жүрум-туруму адамдардыкына окшошуп кетет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
AksyKum
2020-04-13 19:29:07
Бир тиштем эт чыкпайт ушунун эмнесин жейт болду экен
+3
nazi25
2020-04-13 19:57:26
AksyKum,ха хаа
+1
baku24
2020-04-13 19:43:17
Тооба кылдым
+2
nazi25
2020-04-13 19:57:51
Жарганат болбой калсын түрү суук
+3
Zaiyr118
2020-04-13 20:21:28
Туру суук
+1
nursiyanur
2020-04-13 23:16:48
Жарганаттар менен кошо жашагандай айтыптырго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан