Орусиянын күрөш боюнча кыз-келиндер улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу коронавирустан каза болду

Орусиянын күрөш боюнча кыз-келиндер улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Магомед Алиомаров 67 жашында коронавирустан көз жумду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, ал акыркы күндөрү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

"Пандемиянын биринчи күнүнөн тартып Алиомаров улуттук курама команданын мүчөлөрүнүн саламаттыгын сактоо үчүн көптөгөн иш-аракеттерди кылган. Мындан сырткары келе жаткан жайкы Олимпиада оюндарына кураманы даярдоо боюнча пландар талкууланган. Машыктыруучуну бул илдеттен көз жумат деп эч ким ойлогон эмес", - деп жазылат маалыматта.

Магомед Алиомаров Дагестандагы Тлярош айылында жарык дүйнөгө келген. 2011-2015-жылдары күрөш боюнча Азербайжан курама командасын машыктырган. 2019-жылдын февраль айында Орусиянын күрөш боюнча кыз-келиндер курамасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалган. Ал Орусиянын эмгек сиңирген машыктыруучусу болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан