Кубатбек Боронов: "Соль-Илецктен келгендер чыр чыгаргандан кийин аларды үй карантинине чыгарды деген кептер туура эмес. Аларды обсервациядан чыгаруу бир күн мурда чечилген"

Соль-Илецктен келип, "Семетей" обсервациясында жаткандар чыр чыгаргандан кийин аларды үй карантинине чыгарышты деген кептер коомчулукта айтылды. Бул маалымат туура эмес, жарандарды обсервациядан үй карантинине чыгаруу чечими бир күн мурда, тагыраагы, 17-май күнү кечинде ыкчам штабдын жыйынында кабыл алынган. Мындай маалыматты биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат жыйында айтты.

"Кечээ "Семетей" обсервациясынан Соль-Илецктен келген жарандар чыр-чатак салганы үчүн эмес, бул коронавируска кайталанып алынган терс анализдердин жыйынтыгы боюнча пландалып, үй карантинине жиберилди. Өз кезегинде Ички иштер министрлиги "Семетей" обсервациясында баш аламандык уюштурган жарандарга карата чара көрөт. Эч кандай ультиматум же талаптарды коюу менен маселе чечилбейт. Республикалык штаб бекитилген алгоритм боюнча иш алып барат. Анткени бул чаралар биринчи кезекте, жеке өзүңүздөрдүн коопсуздугуңуздар, экинчи кезекте, үй-бүлөңүздөрдүн жана жакын туугандарыңыздардын коопсуздугу, үчүнчүдөн, жалпы элдин коопсуздугу.

Чыр чыккандан кийин үй карантинине чыгарды деген туура эмес. Алардан кайталанып алынган анализдин жыйынтыгы "таза" деп чыкса, үй карантинине чыгарылат деген чечим бир күн мурда кабыл алынган", - деди Боронов.

18-майда Соль-Илецк шаарынан келип обсервацияда жаткан адамдар аларды үйүнө чыгарууну талап кылышкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан