Феликс Кулов: "Өзгөчө абалды алып, өзгөчө кырдаал режимин апрель айынын аягына чейин сактоо керек"

Саясатчы Феликс Кулов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына өлкөнүн айрым аймактарына киргизилген өзгөчө абалдын убактысын узартуу тууралуу маселе боюнча өз оюн билдирди. Ал бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Мен борбор шаарга киргизилген өзгөчө абал режимин алып, өзгөчө кырдаалды апрель айынын аягына чейин сактоо туура деп эсептейм. Бул учурда коменданттык саат да токтоп, шаар ичиндеги посттордун саны азаят. Айрым ишканалар өз иштерин башташат. Бирок карантиндин 4 адамдан көп киши чогулууга, жумуш орундарын дезинфекциялып туруу, бет каптарды милдетүү түрдө тагынуу, дистанциялык окуу, мүмкүн болгон жерлерде үйдө отуруп иштөө, коомдук транспортторду дагы өз убагы менен дезинфекциядан өткөрүп туруу жана башка эрежелерин сактоо улантылат. Башкача айтканда, алтын ортолукту табуу керек.

Бир четинен адамдын жашоо шартына жана экономиканын иштешине шарт түзүп берүү, экинчи жагынан карантиндин эрежелерин катуу сактоону камсыздоо. Бардык нерсеге тыюу салып коюуга көп деле акылдын кереги жок", - деп билдирген Кулов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан