Премьер-министр жардамга муктаж жарандарга эмне үчүн акчалай эмес, азык-түлүк менен көмөк көрсөтүлүп жатканын айтты

Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Максат Сабиров эмне үчүн жардамга муктаж жарандарга акчалай көмөк көрсөтүлбөй жатканын сурады.

"Жардамга муктаждарга берилип жаткан азык-түлүктүн акчасын эле берип койбой, сатып алып таратып жатасыңар? Ал жерде да бизнес болуп жатат", - дейт Сабиров.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жардамды азык-түлүк менен берүү эффективдүү экенин айтты. "Акчаны алып азык-түлүккө барса, үйдө отур деген принцип бузулат. Ошондуктан азык-түлүктү өзүбүз жеткирип берип жатабыз", - деди өкмөт башчы.

Учурда жыйында коронавируска каршы күрөшүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу өкмөт маалымат берүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kriss120
2020-04-30 14:09:28
Акчалай жардам берсе инсульт болуп калат .Нак акчалай берип конгон емес булар.
+1
Alimbek1000
2020-04-30 14:46:27
Акчалай жардам берилсе эл кочого продуктуга чыгт ошол учун элди чыгарбоо керек болуп продуктуну жеткирип берип жатышат
-1
anash
2020-04-30 16:33:14
Булар берген продукты алып кетсе 500сомдук ошону милдет кылбагылачы уят элден чогулган акчаны да жеп койушту
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан