Интернет жылдызына айланган Жумалини таанысаңыз керек. Анын айрыкча акын, обончу Ишенбек Мухтар уулунун калемине таандык "Жүрөк сыры" аттуу ырды көзүн жумуп, берилүү менен ырдаганы көпчүлүктүн жүрөгүн элжиреткен.
Кыргызда "аккан арыктан суу агат", "алма сабагынан алыс түшпөйт" деген сөздөр айтылып келет. SUPER.KG порталы интернет жылдызына айланган Жумали Досбаевдин атасы Жоомарт Көбөнов жана Жумалинин өзү менен маектешти. Көрсө Жумалинин атасы кичинесинен жакшы ырдап, музыкага кызыкчу экен.
- Аты жөнүм Жоомарт Көбөнов. 1972-жылы Кара-Кулжа районуна караштуу Сары-Булак айылында төрөлгөм. Азыркы учурда үй-бүлөм менен Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Сары-Күнгөй айылында турам. Жаратканга ыраазымын, 7 уулум, 1 кызым бар. Ырдап сүймөнчүккө ээ болуп жаткан уулум Жумали алтынчы балам.
Бала кезимде музыкага абдан жакын элем, комузду алгач окуй элек кезимде черттим. Ал эми аккордеонду 6-классымда үйрөнүп, 2 жыл кызыгуунун үстүндө иштеп жүрүп, 8-класс болгондо аталган музыкалык аспапта аябай жакшы ойноп калдым.
Кийин 10-классты бүткөндө райондо, айылда күйөө кошчу кылып тойлорго чакырып жүрүштү. Убакыт өтүп кийин кызыгуумдун баары тиричиликтин айынан калып кетти. Ал ортолукта намаз окуп, динге берилип кеттим. Ошентип бул өнөрүм унутулуп калды эле. Ал шык жөндөмүмдү азыр уулум Жумали кайталап жатат. Жалпылап айтканда үй бүлөдө баарыбыз эле музыкага жакынбыз. Чоң уулубуз музыкалык окуу жайын аяктаган, ал да жакшы ырдайт. Жумали балам кичинекей, ал болгону алты жашта. Алгач төрт жашында ырдап чыгып, эл оозуна алынган. Баламдын музыкага болгон кызыгуусу үч жашында эле билинген. Алгач ал комуз көрсө эле чертем деп, талпынып ээрчий берер эле. Тили чыга электе эле ышкысы байкалып, булдуруктап уккан ырларын ырдай берчү.
Кийин тили чыгып, төрт жашында ырдап калды. Балам тамга тааный элек болсо дагы ырларды так, укканындай жаттап ырдайт. Балапаным азырынча кайсы багытта кетери белгисиз. Эгерде ырдайм деп калса каршы эмесмин, ал кандай тандоо кылса дагы баарыбыз колдойбуз. Кичинекей болсо да ырга кызыгуусу аябай жакшы "ырдайм аккордеон чертип бер" деп артыман калбай аталап ээрчип алат. Негизгиси балам элге кызмат кылган акыл-эстүү балдардан болсо экен деп тилейм. Өзүм мал чарбачылыгы менен эле алектенем. Балам менин медерим, артымдан калбай ээрчип, көңүлүмдү ачып турат. Жумалиден кийинки балам азыр 4 жашта. Ал да агасына кошулуп ырдап, бизди сүйүнтүп жаткан учуру.
Атасы сүйлөп жатканда бал тил Жумали да сөзгө аралашып, өзүн тааныштырып, сүйлөп кирди.
- Менин атым Жумали. Ырдаганды жакшы көрөм жана ырларды агаларымдан угуп жаттайм. Мектепке барууга аябай кызыгып жүрөм, себеби ал жактан тамгаларды таанып, окуганды үйрөнмөкмүн. Эми кийинки жылы мектепке барам деп күтүп жатам. Ырдагым келет, бирок ага карабай келечекте Сооронбай (ред.президент Сооронбай Жээнбековду айтып жатат) болгум келет.
"Жолдо бара жатсам ар ким токтотуп алып, ырдап бер деп суранышат. Бирок мен алардын баарына эле ырдап бербейм. Ал адам жакса ырдайм, көңүлүм тартпаса ырдабайм деп кетип калам. Мен азыркы учурда угуп эле жаттаган ырларым ондон ашат. Мага атамдын аккордеон черткени жагат. Башкалар деле аккордеон чертип берем ырда дешет, бирок мага атамдын, агамдын черткени жагат. Мен апам менен атамды аябай жакшы көрөм. Алар көп жашасын, бактылуу болушсун", - деди кичинекей Жумали.