Бүгүн, 14-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов жана Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев аймактардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын беришти.
Жыйында "Өлкө боюнча өзгөчө кырдаал, Ош шаарында өзгөчө абал узартылса, өткөрмө уруксат кагаздарынын мөөнөтү узартылабы?" деген суроо узатылды.
Буга комендант төмөндөгүдөй жооп берди:
"Учурда карантиндик абал боюнча сунуштар болуп жатат. Жалпы калкты текшерип бүтүү үчүн мурда коюлган мөөнөт аздык кылат. Эгер карантин уланса, мурда берилген өткөрмө уруксат кагазынын мөөнөтү атайын буйрук менен узартылат. Бул боюнча жарандарды убара кылбайбыз. Ал эми жаңы уруксат кагазын ала тургандар онлайн режимде алышса болот, маселе жаралбайт", - дейт Малик Нурдинов.