Депутат Руслан Казакбаев өкмөткө мурунку премьер-министрлердин кеңештерин угууну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
"Ар түрдүү эксперттер ойлорун жазып жатышат. Штабда аналитикалык топ барбы? Азыркы кырдаалдан чыгуу боюнча көп саясатчылар, экономисттер пикирлерин билдирип жатышат. Кеңештерин түздөн-түз силерге берсе, тийиштүүлөрүн кабыл алмаксыңар да. Мурдагы премьер-министрлер Феликс Кулов, Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев көп сунуштарын маектеринде айтып жатышат. Ушуларды премьер-министр кеңеш түзүп чакырып, турбайбы. Аптасына эки саат алар менен тегерек стол уюштуруп койгула. Кеңештерин сиздерге келип беришсин", - деди Казакбаев.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бул маселе карала турганын айтты.