Жогорку Кеңеш коронавирустун жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө өкмөттүн маалыматын угат. Төрага депутаттарды өкмөт мүчөлөрүнүн убактысын албоого чакырды

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңеш коронавирустун жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө өкмөттүн маалыматын угат.

Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышууда. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков депутаттарды өкмөттүн мүчөлөрүнүн убактысын албоого чакырды. Ал өкмөт мүчөлөрү азыркы учурда иштеши керектигин билдирди.

Кечээ, 18-мартта саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жугузуп алган 3 жаран аныкталганын кабарлаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан