Кытай окумуштуулары коронавирустун адамга деңиз азыктары сатылган базардан жукпаганын далилдешти

Кытайдын ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери коронавирустун келип чыгыш тегин аныкташкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышат.

Изилдөөлөр үчүн Ухандагы базардан алынган деңиз азыктарынын үлгүлөрү колдонулганы айтылат.

"Жыйынтыгында деңиз азыктарынан COVID-19 инфекциясына тектеш клеткалар табылган эмес. Демек, вирус алгачкы жолу адамга мурда айтылып келгендей базарда сатылган азыктардан жуккан эмес.

Мындан тышкары Кытайда биринчилерден болуп вирус аныкталган 13 адам тууралуу кенен маалымат чогултулган. Анда бул адамдардын базар менен байланышы болбогону тастыкталган. Ошону менен катар эле окумуштуулар вирус адамга жарганаттардан жуккан деген тыянакка келишкен"
, - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Krai
2020-05-30 23:55:49
Кимден каяктан жукса да өлдү да
дүйнө жүзүн чоголотуп койду
+7
Agayu
2020-05-31 01:52:32
Бул колдо жасалган вирус , башка сөзүм жок .
+9
algakaray
2020-05-31 09:39:32
Кытай ар кандай жол менен отмазкага чыгып атат да. Атайы даярдалган вирус болуш кк деп ойлойм.
+3
Aika1988
2020-05-31 15:08:37
Кандай болбосун кытай бул вирусу менен дуйно жузун булгады киризиске учуратты канча адамдардын омурун кыйды.Ушул вирус кытайда болуп жатканда башка олкодон адамдар кирип чыгуусун тыйып туруш керек болчу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан