Бүгүн, 21-март күнү билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров карантинден кийин жогорку окуу жайларынын студенттеринин, мектеп окуучуларынын окуу процесси кандай болору тууралуу онлайн жыйын өткөрдү. Анда ал жалпы республикалык тестирлөө боюнча төмөнкүдөй маалымат берди.
"Бүтүрүү сынактарын жана ЖРТны өз убагында өткөрүү биз үчүн артыкчылыктуу маселе, ошондуктан коронавирус боюнча кырдаалга карабастан, бул маселени чечүү үчүн альтернативдик ыкмаларды табабыз", - деди Нурлан Өмүров.