"Үйдө отура берип чарчадым". Казакстанда карантинди бузган жарандын трагедиясы тууралуу социалдык ролик чыкты

Казакстанда карантиндин эрежелерин бузгандар үчүн атайын социалдык ролик тартылды. Анда карантинде үйдө отургандан тажаган бой жеткен кыз кечеге барып вирус жуктуруп келгени, анын кесепети 14 күндөн кийин билинип, кыздан апасы көз жумганы чагылдырылат. 4 мүнөттүк роликтен коронавирустун канчалык коркунучтуу экенин сезүүгө болот.

Башкы каармандын мисалынан улам карантиндин эрежелерин бузуу дагы өлүмгө алып келерин билсек болот.

Бул социалдык роликти Алматы шаарынын акими Бакытжан Сагинтаев интернеттеги расмий баракчасына жарыялап, "өзүңөргө сак болгула" деген билдирүү калтырган.

14-апрель саат 14:00гө карата Казакстанда коронавирус менен ооругандардын саны 1 миң 179га жетип, анын 143ү айыкты. Каза болгондор 14кө жетти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rususu
2020-04-14 17:02:56
Мына ушундай болот,сактагандан.
0
rola
2020-04-14 18:38:57
Сактанганды Кудай сактайт.Тооба кылдык.
0
Kuyoo_bala
2020-04-14 20:50:22
Ана сага!Карантинден жадагандар,кочого чыккыла,гулять эткиле,ойногула!Акыбети ушундай болот!
Кысып отуруп тургула карантин буткучо,коронавирус жайылып атат,озунорго сак болгула!Эсинерге келгиле,ананайындар,сабыр кылып тургула кочого чыкпай.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан