Ош шаарында ИВЛ аппараттарын чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда онлайн брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
"Бир жакшы кабар айта турган болсок, мурунку аптада Ош облусуна барып келдик. Ошол жерде жаңы ачылган унаа куруу заводунда өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарын чыгаруу жолго коюлуптур. Сыноодон өтө турган болсо, ата мекендик өндүрүшчүнүн аппараттарын колдонууга мүмкүнчүлүк болот", - дейт Боронов.