Англия Премьер-Лигасында ойногон "Уотфорд" футболдук клубунун бир футболчусунан жана эки кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, коронавирус аныкталган футболчу жана эки кызматкер атын ачыкка чыгарбоону суранышкан. Инфекция аныкталган үч адам жети күн изоляцияда болушат жана кайрадан коронавируска каршы тест тапшырышат.
Ал эми команданын капитаны Трой Дини машыгууга кайтып келүүдөн баш тартууда.
Эске салсак, коронавирус пандемиясына байланыштуу АПЛ март айында убактылуу токтотулган. 19-майдан баштап клубдарга чакан топторго машыгууга уруксат берилген. Англия чемпиондугу 12-июндан баштап кайра жанданышы мүмкүн.