14-апрелге карата Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринен саны 79га жетти. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
"Өлкөдө COVID-19 диагнозу тастыкталган медицина кызматкерлеринин жалпы саны – 79га жетти. Алардын ичинен 24ү дарыгер, 32си орто медициналык персонал – медайымдар, лаборанттар, дарыгерлердин жардамчылары, калгандары кенже медициналык персонал – санитаркалар, ашпозчулар жана башкалар", - деп билдирди Үсөнбаев.