Өкмөт пандемия шартында иштеген медициналык кызматкерлердин айлык маянасына үстөк кошумча компенсациялык төлөм үчүн жалпы 1 миллиард 400 миллион сом бөлүп берди. Мындай маалыматты бүгүн, 8-сентябрда премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда айтты.
"Коронавирус менен күрөшүүдө адам ресурстарынын ичинен – дарыгерлерибиздин эмгеги баа жеткис", - деди ал.
Анын айтымында, өкмөт эпидемиологиялык очоктордо иштеген дарыгерлер үчүн айлык маянасына үстөк кошумча компенсациялык төлөмдөрдү үзгүлтүксүз берип келе жатат.
Март айында: 37 миллион 700 миң сом компенсация төлөнгөн;
Апрель айында: 111 миллион 100 миң сом;
Май айында: 110 миллион 700 миң сом;
Июнь айында: 119 миллион 300 миң сом;
Июль айында: 41 миң 649 медкызматкерге – 444 миллион 100 миң сом.
"2020-жылдын 26-августуна карата компенсациялык төлөмдөрдүн жалпы суммасы 785 миллион 4 миң сомду түздү.
Ал эми 1-сентябрда өкмөттүн чечими менен 2020-жылдын аягына чейин кошумча 640 миллион сом бөлүндү. Бөлүнгөн каражаттардын жалпы суммасы – 1 миллиард 425 миллион сом", - деп билдирди Кубатбек Боронов.