Коңшу Өзбекстанда коронавирус пандемиясынан улам мектеп окуучуларынын быйылкы окуу жылы аралыктан окутуу менен аяктайт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Юстиция министрлиги билдиргенин өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Билим берүү мекемелеринин кызматкерлери эмгек акыны сактоо менен аралыктан иштөөнү улантышат. 2019-2020-жылдагы окуу жылы “онлайн мектеп” долбоорунун алкагында телекөрсөтүү сабактары менен аяктайт. Акыркы экзамендер жөнүндө азырынча эч нерсе кабарлана элек.
Эске салсак, 17-апрелде аталган өлкөнүн Билим берүү министрлиги мектеп окуучулары үчүн жыйынтыктоочу жана мамлекеттик экзамендерди жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн карап жатышкандыгын билдирген.