Мексикада жүзгө жакын адам жасалма алкоголдук ичимдиктердин айынан көз жумду

Мексиканын 4 штатында 100гө жакын киши мыйзамсыз ташылып келинген алкоголдук ичимдиктердин айынан көз жумду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жарандар бул ичимдиктерди "Энелер күнүнө" карата дүкөндөр спирт ичимдиктерин сатууну токтоткон маалында ичишкен.

"Пуэбла аймагында 54 адам ууланып анын ичинен 42 адам көз жумган. Алардан жалпы 200 литрге жакын мыйзамсыз спирт ичимдиктери алынган. Ал эми Морелос штатында 29 адам ичимдикке ууланып каза болсо, Халиско штатында 27 адам көз жумган. Жергиликтүү тургундар Юкатан жарым аралында да ууланып каза болгондор бар экенин билдиришкен", - деп жазылат маалыматта.

Азыркы тапта тиешелүү органдар катталган фактылар боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан