Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары жана келечеги, анын ичинде коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча биргелешкен чаралар, Кыргыз-Кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу жүк агымдарын жандандыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө кытай тараптан берилген гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.
Инфекциянын макроэкономикалык кырдаалга тийгизген терс таасирин эске алуу менен Кытайдын алдындагы тышкы карыз боюнча төлөмдү жеңилдетүү жана төлөө мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуш кылды. Тараптар түзүлгөн кырдаалда бири-бирине колдоо көрсөтүүдө өз ара тилектештигин жана даярдыгын билдиришип, илдет менен күрөшүү үчүн Кытайдан Кыргыз өлкөсүнө медициналык адистерди жөнөтүү боюнча макулдашышты. Си Цзиньпинь коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасынын аракеттерин колдоорун белгиледи", - деп айтылат маалыматта.