Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 8 миң 894 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Анын арасынан 150 адам каза болсо, 7 миң 144 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус аныкталган 8 миң 894 адамдын ичинен:
Москва шаарында - 2 миң 988;
Москва облусунда - 824;
Санкт-Петербург шаарында - 389;
Нижегород облусунда - 202 адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 326 миң 448 адамдан инфекция аныкталды. 3 миң 249 адам каза болсо, 99 миң 825 бейтап айыгып чыкты.