Коронавирус жуктурган дагы 19 адам аныкталды. Алардын 15и медицина кызматкери (видео, хронология)

Бүгүн, 15-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйын берүүдө.

2020-04-15 10:34:00

15-апрелге карата 19 адам коронавирус жуктурганы аныкталды. Алардын 15и медицина кызматкери.

2020-04-15 10:27:00

"Нарын облусунда абал курчуп жатат. Ошол эле учурда майда мүчүлүштүктөр да бар. Ал жакта иштеген кызматкерлерге бардык жабдыктар жеткирилди. Алар азыр кийимдер жана башка каражаттар менен камсыздалышты. Ат-Башы районунда 114 дарыгер иштеп жатат. Жакынкы күндө Жумгал районуна дарыгерлер тобун жиберүү каралып жатат", - деди орун басар.

2020-04-15 10:20:00

Министрликтин 2 кызматкери вирус жуктуруп алышкан. Учурда министрликтин бардык кызматкерлери текшерилип жатышат. 

2020-04-15 10:16:00

Дарыгерлер эмнеге коронавирус жуктуруп алышууда деген суроого саламаттыкты сактоо министринин орун басары жооп берди.

"Биз бардык тийиштүү аракеттерди көрүп жатабыз. Дүйнө боюнча 22 миңден ашык медицина кызматкери бул илдетти жугузуп алды. Дарыгерлер ооруп жаткан адамдар менен тыгыз байланышта болгондуктан дагы аларга бул оору жугуп жатат", - деди ал.

2020-04-15 10:12:00

Айыгып чыккандар жалпы режимде өзүн алып жүрүшү керек. Аларга карантин жарыяланбайт. Алар эгер өзүн жаман сезе баштаса, аймактагы дарыгерлерге кайрылышы керектигин министрдин орун басары онлайн маалымат жыйында айтты.

2020-04-15 10:10:00

COVID-19 лабораториялык жактан тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 455 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал):
- Жакын байланыштар (I категория) – 1 миң 528
- Башка байланыштар (II категория) – 5 миң 977
Өлкө боюнча обсервацияда 902 адам жатат.

2020-04-15 10:09:00

Стационарда 366 жаран жатат. Анын ичинде 11 бейтап оор абалда, алардын жетөөсү жандандыруу бөлүмүндө. COVID-19 инфекциясына чалдыккан калган бейтаптардын абалы орточо оор же канааттандырарлык деп бааланууда.
Жалпы айыккандардын саны  78.

2020-04-15 10:07:00

Коронавирус жуктургандардын 11инин абалы оор.

2020-04-15 10:07:00

5-апрелден тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны – 28 миң  222
Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны – 27 миң 033
Сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 981.

2020-04-15 10:05:00

2020-жылдын 15-апрелине карата Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 449га жетти. 
Жалал-Абад облусунда – 93
Ош облусунда – 130
Ош шаары – 71
Чүй облусунда – 28
Бишкек шаары – 82
Баткен облусунда – 5
Нарын облусунда – 34
Ысык-Көл облусунда – 6.

Катталгандардын 244ү аял, 205и эркек.

2020-04-15 10:05:00

Коронавирус жуктургандардын ичинде 40 өспүрүм бар.

2020-04-15 10:02:00

“Бир сутка ичинде жалпысынан 7 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынан 2 бейтап, Бишкек шаарынан 5 бейтап чыгып жатканда кайрадан жасалган анализдеринен коронавирус аныкталган эмес. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 78 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды”, - деди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ziregim
2020-04-15 15:58:43
Дарыгерлер баарына жуктурбаса эле Эми, уйундогулорго кошуна колондорго, себеби алар кундо жумушка барып келип атат да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан