"Исмаил Матраимов" фонду 20 миң даана экспресс-тестти Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүп берди

"Исмаил Матраимов" кайрымдуулук фонду тарабынан коронавирусту 15 мүнөттүн ичинде аныктай турган 20 миң даана экспресс-тест алынып, Саламаттыкты сактоо министрлигине сертификаттары менен өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов социалдык тармактагы баракчасына жазып, билдирүү калтырды.

"Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти тесттерди колдонуу практикасында вирустун белгилерин аныктаган учурлардын катталганы тууралуу билдирди. Биздин фонд жакынкы күндөрү дагы медициналык жабдыктарды жана адистерге атайын кийимдерди алып келет. Ошого байланыштуу илдеттин кесепети менен күрөшүүдө ыкчам тесттердин сапаты жана мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгып, министрликке кат менен кайрылганбыз. Министрликтен жооп келип, анда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан сунушталган жана учурдагы талаптарга жооп берген эӊ акыркы 5-муундагы тесттер экендигин билдиришти", - деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
murat17
2020-04-10 12:46:41
молодец Матраимовдор жаман деп бул адамды билип билбей саясат кылган адамдар тилинер орттонду окшойт
+2
Krai
2020-04-10 16:00:08
murat17, туура айтасың билип билбей айта бериш туура эмес балким чын эле жегендир балким чындап эле жебегендир. Эң негизгиси ушундай кырдаалда жардам бергендигине рахмат алкыш айтабыз. Ушул бекер берген жардамдарды да көрө албаган адамдарыбыз көп экен. Азыр ушундай кырдаалда бир тууган бир тууганга жардам бериши кыйын болуп атат чынында
0
Ozon
2020-04-10 16:05:40
Матраимовдор жакшы деген адамдарга тан калам. Матраимовдордун куноолорун шурудай тизмектеп чыкса деле Матраимовдор аппак дей беришет экен.

Эгер Матраимовдор ушунча ьайлыкты адал эмгеги, бешене тери менен тапканы ырас болсо, ошол байлыктардын булактарын атап, кайдан келгенин корсотуп бергилечи?!!

Мен мисалы 10 миллион сом элдин акчасын кымырып чонтокко салып алып, анын 1 миллион сомун кайра элге берсем, мен жакшы адам боломбу анда?!!
+1
murat17
2020-04-10 20:20:19
Ozon,бул саясат жакшыны жаман кылып жаманды жакшы кылып коргозот Атамбаев бийликте турганда Матраимовдорду мактапган анткени голос алыш керек болгон Матраимов Кыргызстандын эн чон жана калкынын саны боюнча эн коп Кара-Cуу районунан болот эми Жээнбеков бийлике келгенде Матраимов Атабаевди колдоодон баш тартты ошондон бери Атамбаев бул адамга жалаа жаап келет
-1
murat17
2020-04-10 20:26:38
Ozon,айтканым мен Кара-Суу районунан боломун жана Кыргызстандын башка районундагы адамдарынан караганда бул кишилерди жакшыраак билем кээбир жалданма адамдар бар 2000-3000 акча берип койсо жаман эле жаман камалсын деп чыгат кээбир кой сыяктуу жетеленме адамдар бар бироо жаман десе жаман деп оз алдынча ой жугурто албагандар кыскасы айтоорум чын тогунун билип туруп анан жаман дейличи
-1
Ozon
2020-04-11 12:38:18
murat17, Кеп Матраимовдун Кара-Суу районунан болгонунда эмес. Кеп Матраимовдордун Кара-Суу району, Ош шаарындагы таасири, коррупциялых схемаларда аты аталып келгени. Акыркы 1 жылда журналисттер Матраимовдорго байланыштуу канчалаган иликтоо жургузушту, макала жарыялашты. Эгер ошол иликтоолор калп болсо кана анда калп экенин далилдеген далилдер?!
-1
murat17
2020-04-11 20:24:34
Ozon,азыркы журналистер саясат учун иштейт эч качан адилеттулук учун эмес оз кызыкчылыгы учун акча учун иштейт ошол эле журналистер Атамбаев жонундо эч нерсе дешпейт Нарындагы жер кытайга залогко коюлганы ыраспы аны эмнеге изилдешпейт эмне учун кычкач 300 доллар болгон жана башка нерселер 10 эсе кымбат баада айтылган айта берсе толтура Атамбаевдин былыктары неге ошолорду айтпайт именно жанагы Прага жургон додой журналист Атабаев учун иштейт деп толук айта алам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан