Жактоочу: "Бишкек шаардык сотунда экс-мэрлердин иши боюнча процесс 16-апрелде өтүшү керек"

Эртең, 16-апрелде Бишкек шаардык сотунда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук процесс өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочу Сергей Слесарёв билдирди.

"Негизи мэрлердин иши боюнча процесс эртеңкиге белгиленген. Азырынча болбойт деп эч ким эскерте элек. Процесс эртең мененки саат 09:30да өтүшү керек", - дейт жактоочу.

Жактоочуга "Эгер соттук процесстер уланса, журналисттердин процесске онлайн катышуусу мүмкүнбү?" деген суроо узаттык.

"Бул тууралуу соттон сурап көрсө болот. Эгер ал макулдугун берсе, албетте мүмкүн. Мен бүгүн тактап көрөм", - деп жооп берди Слесарёв.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

2016-жылдан 2018-жылга чейин Бишкек шаарынын мэри болгон Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин “Дастан” ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган.

Кийинчерээк Ибраимовго карата “коррупция” беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталган.

Ал эми 2014-жылдан 2016-жылга чейин мэр кызматын аркалаган Кубанычбек Кулматовго карата 2018-жылдын май айында "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, июнь айында камакка алынган. Ал Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталган.

2019-жылдын 23-декабрында Ленин райондук сотунун чечими менен Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылса, Кубанычбек Кулматов 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирилип, сот залынан бошотулган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан