Бүгүн, 28-январда Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун сот отуруму уланууда.
Соттук отурумдун жүрүшүндө фото жана видеого тартууга тыюу салуу сунушталды. Айрым айыпталуучулардын өздөрү жана жактоочулары өтүнүчкө макул болсо, айрымдары соттун кароосуна калтырды. Жыйынтыгында ишти карап жаткан судья өтүнүчтү колдоду.
Ал эми 3 айыпталуучунун жактоочулары сотко келбей калып, сот отуруму 30-январга жылдырылды. Буга чейин ар дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү өтөрү белгиленсе, эми сот ар шаршемби күндөрү гана өтө турган болду.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин “Дастан” ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. Кийинчерээк Ибраимовго карата “коррупция” беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталууда.