Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жаңы эки депутаты ант берди.
"Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат Айгерим Бешимбаева жана КСДП фракциясынан депутат Саматбек Ибраев ант беришти.
Айгерим Бешимбаева Аида Исмаилованын ордуна депутат болуп келсе, Саматбек Ибраев Осмонбек Артыкбаевдин ордуна депутат болуп келди.
Айгерим Бешимбаева 1990-жылы 10-январда туулган. Ал буга чейин "РСК Банкта" башкы менеджер болуп иштеген.
Саматбек Ибраев Жогорку Кеңештин аппарат башчысы болуп иштеп келген.