Депутат Маматалиев вице-премьер Исмаиловага: "Фракцияны уят кылбай, батыраак жумушка киришиңиз"

Депутат Марлен Маматалиев үй карантини иштебей жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Бир жаран үй карантининде жатат. Анын кызы кадимкидей эле базарларга чыгып, дүкөндөргө барып жатат. Аида Исмаилова, президент ар бир күн, ар бир саат маанилүү деп айтты. Сиз бул кызматка жакында эле келдиңиз, сиз депутат эмессиз, өкмөттүн мүчөсү болосуз социалдык тармак аркылуу кайрылуу кылып жатасыз. Фракцияны уят кылбай батыраак жумушка киршиңиз", - деди Маматалиев.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов үй карантини боюнча жумуш оор болуп жатканын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан