Японияда коронавирустан жарым миллионго чукул адам каза болушу мүмкүн

Жакынкы арада Японияда коронавирус пандемиясынан каза болгондордун саны 400 миң адамдан ашышы мүмкүн. Бул тууралуу Хоккайдо университетинин профессору, Япониянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин коронавирусту алдын алуу тобунун мүчөсү Хироши Нишиура айтканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Профессордун билдиришинче, өлкөдө коронавируска каршы азыркы көрүлүп жаткан чаралар инфекциянын жайылышын токтотуу үчүн жетишсиз болууда. Эгерде өлкөдө карантин чаралары күчөтүлбөсө, коронавирус жуктургандардын саны 850 миңге жетет, ал эми каза болгондор бул сандын жарымын түзөрүн айткан.

Акыркы маалыматтар боюнча, бул өлкөдө 8 миң 100 адам коронавирус жуктуруп алган. 146 адам каза болсо, 853 бейтап айыгып чыккан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
ZUXRIDDIN20
2020-04-15 15:20:31
Ашырып салыптырго 850 миңге жугат деп
+2
bond02
2020-04-15 15:29:23
Бул ооруну кээ бироолор план айткандай эле айтып жатышат го.
+6
ZUXRIDDIN20
2020-04-15 15:47:46
Мендагы көбүнчө ошондой деп ойлоп калам. Эмнени пландап качанга чейин чыгарышты экен
+2
assanov97
2020-04-15 16:35:19
Жапония болот пупер
-5
Samatalibei
2020-04-15 17:13:55
Бул план карантиндин эрежесин сактабагандар учун атайын коркутуу учун айтылып жатса керек.
+1
sirenaaaaa
2020-04-15 18:09:59
Хотя бы 5мин берсенер былк этпей жата бермекпиз карантин деп. Дагы 15 кун чыдасак бутобу экен эми Кудай ай
+5
algakaray
2020-04-16 02:27:26
Пенденин оозунда болсо кудайдын кулагында. Оло элек адамдарды олтуруп, жаман нерсени ойлобой жакшы нерсени ойлош кк го дейм алладан тилеп. Бирок алар кудайга ишенбейт да. Элдерин балким чыкпасын деп ушинтип коркутабы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан